Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бажыдагы коррупцияга катыштыгы бар 40ка жакын адам аныкталды

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 6039 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бажы органдарындагы коррупция фактыларына катыштыгы бар адамдар аныкталганын кабарлады.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, учурда УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жана башка кызматтык адамдар тарабынан түзүлгөн коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Тергөө органдары тарабынан Р. Матраимовдун жакындары жана жогоруда айтылган коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталды.

Азыркы тапта алардын жүргөн жери аныкталды. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча активдүү иш-аракеттер жүрүп жатат.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM