Биз менен байланышыңыз

Жаан жаайт. 23-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 18 Окт 2020 | 1773 | 0

Кыргызгидромет борбору 19-октябрдан 23-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

19-21-22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

22-октябрда күндүз жана 23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

23-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

19-21-22-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

23-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

19-22-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектерде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-22-23-октябрда  түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 22-23-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

18-22-23-октябрларда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-октябрда күндүз жаан жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-22-октябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаайт, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектерде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM