Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Жаңы 554 учур катталып, 3 бейтап каза болду

Кыска кабар | 18 Окт 2020 | 838 | 0

Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 554 жаңы учур катталып, 3 бейтап оорудан каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Маалыматта, Бишкек шаарында — 88;
Ош шаарында — 38
Чүйдө — 46
Ош облусунда — 105;
Талас облусунда — 12;
Нарында — 6;
Ысык-Көлдө — 26;
Жалал-Абадда — 143;
Баткен облусу боюнча 90 жаңы учур катталган айтылат.

Алардын ичинен 5 медицина кызматкери жуктуруп, жалпы саны 3534кө жетип, илдетке чалдыккандардын жалпы саны 52 044тү түздү.

Ошол эле учурда 227 жаран жугуштуу оорудан сакайып чыкты. Пандемия башталгандан бери илдеттен сакайгандардын саны 45 736га жетти.

Copyright © 2017 Maral FM