Биз менен байланышыңыз

Филиппин мугалимдери мотоцикл мектеп ойлоп табышты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 440 | 0

Филиппинде коронавирус пандемиясы күчөп кеткендигине байланыштуу бир катар окуу жайлар жабылып, кайрадан онлайн окууга өтүштү. Айрым аймактарында, айылдарында интернет жок болгондуктан, мектеп окуучулары билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылды. Мындан улам мектеп мугалимдери онлайн көчмө мектеп ойлоп табышты. Бул тууралуу «Хабар-24» маалымат агенттиги жазды.

Маалым болгондой, онлайн мектеп кадимки мотоциклге чиркелип, анда зымсыз интернетке туташкан компьютердин монитору, окуу китептери коюлган текчелер бар. Учурда мугалимдер бир көчмө мектеп менен беш айылды кыдырып сабак беришүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM