Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Биз эч кандай саясий кызыкчылыктарды көздөбөйбүз

Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 741 | 0

«Милиция саясаттан тышкары турат. Биз эч кандай саясий кызыкчылыктарды көздөбөйбүз. Бул — биздин башкы тапшырмабыз, негизги милдетибиз», — деди Ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкек шаарындагы Ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүм башчылары жана кызматкерлери менен жолугушуу учурунда.

Аталган министрлик тараткан маалыматка ылайык, министр Улан Ниязбеков бүгүн, 17-октябрда Бишкек ШИИБи менен кездешүү өткөрүп, анда коомдук тартипти бекем көзөмөлдөө, кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү, эл арасына милицияга болгон ишенимди бекемдөө сыяктуу бир катар маселелер айтылды. Ошондой эле Улан Ниязбеков ар бир милиция кызматкери мыйзамды жана кызматтык тартипти катуу сактап, жарандар менен баарлашууда сылык жана так болуп, кесипкөй жөндөмүн, билимин өнүктүрүү керектигин баса белгиледи.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM