Биз менен байланышыңыз

Новиков: Зыян тарткан тоо кен ишканаларына колдоо көрсөтүлөт

Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 584 | 0

Өкмөт Кыргызстанда болгон акыркы окуяларда талкаланган тоо кен тармагындагы ишканаларды колдоого алуунун мүмкүн болгон чараларын карап чыгат. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.

Анда ал кыргыз өкмөтү бизнестин коопсуздугун жана кепилдигин камсыздашы керектигин билдирди.

Новиков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына, Мамлекеттик салык кызматына тоо кен ишканаларына келтирилген зыянды баалап, бюджеттеги кыйынчылыктарды эске алуу менен колдоого алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

«Өзгөчө абал режими алынды. Коомдук-саясий абал турукташты. Учурда бардык ишканалар, соода борборлору жана бизнестин башка тармактары толук кандуу иш режимине өтө алат», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Артем Новиковдун айтымында, жакынкы арада Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш өтөт, анда экономиканы либералдаштыруу, салык жана бажы тутумун реформалоо, ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча милдеттерге басым жасалат.

«Биз Өкмөт үчүн бүгүнкү күндө артыкчылыктуу милдет катары экономикалык абалды турукташтыруу маселеси турарын түшүнүп турабыз. Мамлекет ишкер субъектилеринин коопсуздугуңарды камсыздап берет. Ошондуктан биз өлкөдөгү бизнести колдоо үчүн максималдуу күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди Новиков.

Кыргызстанда 5-октябрда башталган нааразылык акциялары башаламандыктар менен коштолуп, бир топ тоо кен тармагындагы мекемелер жабыркаган. Ошол эле «Жерүй» ишканасы, «Бозымчак», «Терек-Сай» алтын кендерин иштеткен компаниялар да зыян тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM