Биз менен байланышыңыз

Эрдоган: Түркия Крымды Орусиянын жери деп эсептебейт

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 399 | 0

Түркия Орусияны Крым жана Севастополь аймагын мыйзамсыз басып алган деп тааныйт жана аталган аймактар Орусияга таандык дегенге кошулбайт. Мындай пикирин Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусунда билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-октябрда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Украина президенти Владимир Зеленскийди Анкарада кабыл алды. Түркия президентинин расмий сайтынан алынган маалыматка ылайык, алар коопсуздук, соода, эки тараптуу мамиле, аймактык жана эл аралык көйгөйлөр, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тирешке себеп болгон Тоолуу Карабах жана учурда Орусия менен Украинанын талашында турган Крым аймагы тууралуу талкуу кылышкан. Ошондой эле биргелешип учак чыгаруу боюнча да сүйлөшүшкөн.

Жыйындын соңунда президенттер эки тараптуу макулдашууга кол коюшкан. Ага ылайык, аскердик күчтөрдү чыңдоо үчүн Түркия тарап Украинага 26 миллион доллар жардам берет. Мындан тышкары өлкөлөр аралык соода жүгүртүүнүн көлөмүн 10 миллиард доллардан 20 миллиард долларга чейин жеткирүү мерчемделүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM