Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Беш бейтап каза болуп, 470 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 652 | 0

Кыргызстанда 17-октябрга карата COVID-19 илдетинен беш бейтап каза болду. Анын үчөө Ош облусунда, бирөө Бишкек шаарында, дагы бир учур Нарын облусунда катталды.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус 1108 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинин 470 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, жалпы учурлар 51 миң 490го жетти. Анын ичинде:

— Бишкек — 98;
— Ош — 38;
— Чүй облусу – 32;
— Ош облусу — 97;
— Талас облусу — 7;
— Нарын облусу — 1;
— Ысык-Көл облусу – 17;
— Жалал-Абад облусу – 98;
— Баткен облусу — 82.

Учурда ооруканаларда 2353 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 2049 бейтап бар.

17-октябрга карата COVID-19 илдетинен 221 адам сакайды. Коронавирустан жалпы 45 миң 509 бейтап айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM