Connect with us

УКМКдагы Антикоррупциялык кызмат жоюлары белгилүү болду

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 1256 | 1

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча Жарлыкка кол коюлганы белгилүү болду.

Документке 14-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ал жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

Жарлык 16-октябрда «Эркин Тоо» гезитине жарыяланды. Анда Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу максатында, Конституциянын 65-беренесине ылайык, УКМКдагы «Антикоррупциялык кызматты түзүү жөнүндө» жарлык күчүн жоготту деп жазылат.

Copyright © 2017 Maral FM