Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болду

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 1920 | 0

Өкмөт башчы Садыр Жапаров өзүнүн досу, «Мекенчил» партиясынын лидери, мурдагы депутат Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кылып дайындады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматтарга караганда, Ташиев эмгек жамаатына тааныштырылды.

Мындан тышкары, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы болуп Бекбосун Апсаттаров дайындалды. Анын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков болду.

Айрым маалыматтарга таянсак, депутат Талант Мамытов Башкы прокурор болору айтылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин буга чейин Орозбек Опумбаев жетектеди. Ал бул кызматка 2019-жылдын 18-июнь күнү дайындалган эле. Опумбаев 9-октябрда кызматтан алынган.

Текебаев Ташиевди Садыр Жапаровдун «дос секретары» деп атады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM