Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор: Матраимовдордун эч бирине кылмыш иши козголгон эмес

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 2034 | 0

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн эч бирине кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Буга чейин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткендиги тууралуу кабар тараган. Бул жөнүндө өкмөт башчы Садыр Жапаров да маалымат жыйынында айткан.

15-октябрда Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов үй камагына чыгарылган. Ал 6-октябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылганда өзбек чек арачылары тарабынан кармалган.

УКМК мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

9-октябрда өзбек чек арачылары Матраимов жана аны менен кошо кармалган эки жаранды кыргыз тарапка өткөрүп беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM