Биз менен байланышыңыз

Абдрахматова: Президенттик шайлоо 17-январга белгилениши керек

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 1229 | 0

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 17-январда өтүшү зарыл. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, парламент 22-октябрдан кечиктирбей мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү күнүн белгилеши керек жана ал 17-январда өтүшү зарыл.

Жогорку Кеңештин спикери Канатбек Исаев Конституциянын 64-беренесинин, 5-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, президенттин квотасы менен келген БШКнын 4 мүчөсүн — Нуржан Шайлдабекова, Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыровду кызматынан бошотуу боюнча сунушту Жогорку Кеңешке киргизет, алардын ордуна 4 жаңы талапкер көрсөтүлөт.

Жогорку Кеңеш 21-октябрга чейин БШКнын курамын бекитиши шарт. Боршайком 22-октябрдан кеч калбай, Жогорку Кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоону 20-декабрга дайындашы керек.

Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин милдетин аткаруучу болгон адам президенттик шайлоого катыша албайт.

Кыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Анын милдетин парламенттин спикери алуудан баш тартып, президенттик кызмат өкмөт башчы Садыр Жапаровго өттү.

Copyright © 2017 Maral FM