Биз менен байланышыңыз

Исаев: Сооронбай Жээнбековдун экс-президент статусу сакталышы керек

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 587 | 0

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды.

Анда парламент төрагасы Канатбек Исаев Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүгө кан төгүлбөсүн деген максатта барганын айтып, анын экс-президент катары мыйзамда каралган бардык артыкчылыктары камсыздалышы зарылдыгын билдирди.

Исаев ошондой эле президенттин милдетин аткаруудан расмий түрдө баш тартты.

Президент кызматтан кеткенден кийин анын милдеттери Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Төрага андан баш тарткан учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп өкмөт башчы дайындалат.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган. Ал 15-октябрда отставкага кетерин жарыялады.

2019-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Мындай чечимге 103 депутат макулдугун берип, 6 депутат каршы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM