Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алды

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 606 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берди. Аталган комиссия арызды бүгүн карап, көпчүлүк добуш менен мандатты кайтарып берүүнү чечишкен.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганы 10-октябрда белгилүү болгон. Бирок БШК арызды канааттандыруудан баш тарткан. Мунун себебин Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Ата Мекен» фракциясында бош орун жоктугу менен түшүндүрүп, кимдир бирөө мандаттан баш тарткан учурда гана кайра кайтарып алууга болорун айтышкан. Мындан улам «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз: «Мандатымдан Өмүрбек Текебаев үчүн гана баш тартам. Эгер андан башкага бериле турган болсо, менин арызым күчүн жоготту деп эсептелет», — деген талап менен өзүнүн мандатынан баш тарткан. Мунун себебин ал учурда парламентке Текебаевдей күчтүү саясатчы жетишпей жатканы менен түшүндүргөн.

БШК аталган арызды 13-октябрда карап, бирок кворум жоктугуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» партиясынын лидери. 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо аталган партиядан депутат болуп шайланып келип, 2017-жылы соттолгондугуна байланыштуу мандатынан ажыратылган. Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM