Биз менен байланышыңыз

Митингчилер Канатбек Исаевдин отставкасын талап кылууга өтүштү

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 1050 | 0

Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын алдына чогулгандар Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаевдин кетишин талап кылышууда. Алар буга чейин Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетүүгө үндөп жатышкан.

Бүгүн митингчилер алгач «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын айланасына топтолгон эле. Андан кийин «Ысык-Көл» мейманканасынын алдына барышкан.

Ал ортодо саясатчы Камчыбек Ташиев президент жана премьер-министр активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, Жээнбековдун отставкага кетүү маселеси жакында чечилерин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Андан көп өтпөй президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенин жарыялады.

«Ысык-Көл» мейманканасынын алдына чогулгандар «Биздин президент Садыр Жапаров», «Исаев кетсин!», «120 депутаттын бизге кереги жок» деген плакаттарды илип алышкан.

14-октябрда Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM