Кыргызгидромет борбору 16-октябрдан 20-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.
16-20-октябрь күндөрү Чүй, Талас облустары, Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Эртең, 16-октябрда абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +17…+22;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;
Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +13…+18.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +21…+23.