Марал Радиосу

20-октябрга чейин өлкө аймактарында жаан жаабайт

Кыргызгидромет борбору 16-октябрдан 20-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

16-20-октябрь күндөрү Чүй, Талас облустары, Бишкек шаарында,  Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Эртең, 16-октябрда абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  +1…+6, күндүз +18…+23 градус;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +17…+22;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;

Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +13…+18.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +21…+23.

Exit mobile version