Биз менен байланышыңыз

Жашы жете элек жарандар кыргыз-казак чек арасынан паспорт менен гана өткөрүлөт

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 637 | 0

 20-октябрдан тарта Кыргызстан менен Казакстандын жашы жете элек жарандары кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен паспорт менен гана өткөрүлө баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

2012-жылдын 11-майындагы эки тараптуу макулдашууга 2020-жылдын 18-августунда өзгөрүүлөр киргизилген. Ал күчүнө кирди.

Ага байланыштуу Кыргызстандын жана Казакстандын жашы жете элек жарандарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документ болуп эсептелбейт, ага Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аба каттамы да кирет.

Ошол эле учурда эки өлкөнүн 16 жашка чыга элек жана паспорту жок жашы жете элек жарандары буга чейин өлкөсүнөн чыгып кеткен болсо, мекенине кайтып келе жатканда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүп, чек арадан өтө алышат.

Copyright © 2017 Maral FM