Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Журналисттердин коопсуздугун камсыздайбыз

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 394 | 0

Премьер-министр Садыр Жапаров журналисттердин өмүрүнө коркунуч жаралса, коопсуздугуна кепилдик болорун айтты. Ал бул тууралуу «Марал» радиосунун журналисти Сагын Сабыровдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаров өкмөт башчылык кызматка парламент тарабынан шайланып, жыйындан кийин журналисттерге маалымат жыйын курду.

Жапаров журналисттерди өкмөткө жардам берүүсүн өтүндү.

— Журналисттер бизге жардам бериши керек. Эч бир иликтөө реакциясыз калбайт. Эгер журналисттердин өмүрүнө коркунуч жаралса, мен мамлекеттин эсебинен алардын коопсуздугун камсыздап бере алам, — деди Жапаров.

Өкмөт башчы журналисттердин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук болбой турганын, аларга эч кандай кысым көрсөтүлбөөрүн айтып, эч нерседен коркпоого чакырды.

Президент өкмөт башчыны кызматына дайындады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM