Кыргызстанда 14-октябрга карата коронавирустан жабыркагандардын саны 50 миңден ашты. Алардын эң көбү — Ош жана Жалал-Абад облусунда.
Коронавирус инфекциясы көп катталып жаткандыгына байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында эпидемиологиялык кырдаалга терең анализ жүргүзүлүп жатат. Вирус күч алган аймактарда карантиндик чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Облус башчылары коронавирустун экинчи толкуну айрым аймактарда мурункуга салыштырмалуу катуу жүрүп жатканын белгилешүүдө.
Эгерде абал дагы да курчуп кетет турган болсо, буга аймактар канчалык даяр? Ооуканалар курулуп бүттүбү? Дары-дармектердин кору (запасы) канча убакка чейин жетет?
Ушул өңдүү суроолор менен Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылдык. Министрдин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинованын айтымында, өкмөттүн тапшырмасы менен дары-дармектин 2-3 айлык кору даярдалууда.
— Бишкек, Ош жана Нарында курулуш иштери жүрүп жатат. Бишкек менен Ошто 100, Нарын облусунда 70 орундуу жаңы оорукана курулууда. Ал эми Баткен шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имараты капиталдык ремонттон өтүп, ишке берилди. Дары-дармек, дем алдыруучу аппараттар менен толук жабдылды. Бүгүнкү күндө оорукана пневмония жана коронавирус илдетин жуктурган бейтаптарды кабыл алып баштады. Мындан тышкары Токмок шаарындагы 216 орундуу оорукана да ишке берилди.
Ошондой эле республика боюнча мониторинг жасалып, кайсыл аймактарда аппараттар жетиштүү деген өңдүү суроолор каралып, толуктоолор болуп жаткандыгын билдирди.
Акыркы жума бою коронавируска чалдыккандар Баткен облусунда көп катталды. Шаардагы оорукана ондоп-түзөөдөн өткөн соң, пайдаланууга берилгени маалымдалган. А бирок Лейлектин тургундары вирус жуктуруп алгандар көп болуп, аймактык ооруканада орундар калбай калганын айтып чыгышты. Мындан улам Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына кайрылганыбызда, Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова биздин суроолорго жооп берүү менен бирге, облустагы жалпы абал боюнча да маалымдады:
— Бүгүнкү күндө Баткен облусунда эпидемиялык абал курчуп жатат. Сентябрь, октябрь айларында вирус жуктургандардын саны азайган жок. Облус боюнча бүгүн 43 болсо, кечээ 89 учур катталган. Бул эпидемиялык абалдын туруктуу эместигинен кабар берет. Биз болгон күч-аракеттерди жасап жатабыз. Облус ичиндеги бардык тиешелүү тармактарга, мекеме-ишканалардын жетекчилерине коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча тапшырмалар берилди. Эл арасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле мобилдик кызмат иштөөдө. Күндүзгү стационарлар, ичинде бардык шарттары менен бүгүнкү күндө даяр турат. Кадамжай районунда эпидемиялык абал башка райондорго салыштырмалуу курч абалда. Ошого байланыштуу Саламаттыкты сактоо министирлиги менен кеңешип, алардын буйругунун негизинде эки жерге күндүзгү стационар уюштурганбыз. Эгер абал дагы да курчуй берсе, очок чыккан аймактарга толугу менен карантин киргизүүнү сунуштап жатабыз. Азыркы күндө облус боюнча оору эң көп катталган аймак — Кадамжай, андан кийин Кызыл-Кыя жана Лейлек. Лейлек ооруканасында COVID-19 илдети менен ооругандар үчүн 115 койка даярдалган, азыркы күндө анын 88инде бейтаптар дарыланып жатат.
Ысык-Көлдө эпидемиологиялык кырдаал 1-2 жумада курчушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев билдирди. Ал акыркы саясий окуялар, элди топтоого болгон чакырыктар вирустун көбөйүшүнө себепкер болуп жатканын белгилейт.
— Ысык-Көл облусунда эпидемиялык абалдын эң жогорку көрсөткүчү октябрь айынын 20-25теринде боло турганы айкын. Анткени элдин көпчүлүгү, ошону менен катар эле көлдүн тургундары 5-6-октябрда митингге барышты. Вирустун өөрчүү мезгилин эске алганда, Ысык-Көлдө 20-октябрдан кийин коронавирус илдетин жугузуп алгандардын саны чоң көрсөткүчкө жетет. Буга өлкөдөгү туруксуз абал таасирин тийгизип жатат. Бийликтегилер батыраак бир чечимге келип, ишке киришсе болмок, — дейт Балбак Түлөбаев.
Ошого катар эле облус эпидемиялык абалга даяр экендигин билдирди. Каракол жана Чолпон-Ата шаарларындагы ооруканалар бүткөрүлүп, бир аз гана майда жумуштары калгандыгын айтты. Аппараттардын, бейтаптар үчүн орундардын бардыгы жетиштүү, болгону дары-дармектин кору 2 айга гана жетерин кабарлады.
— Андан кийин эмне болот белгисиз. Саламаттыкты сактоо министрлиги акча жок деп жатат. Ансыз да буга чейин карыз болгон. Азырынча өзүбүз кичине акча камдап турууга аракет кылып жатабыз. Негизи ал каражат облусту өнүктүрүүгө жумшалышы керек болчу. Айла жок, ошону колдонобуз го муктаждык жаралса.
Түлөбаевдин айтымында, жалпы чектөөлөр боюнча учурда сөз жок, бирок вирустун жайылуусу күч алган аймактар өз алдынча карантинге алынат.
COVID-19 маселелери боюнча 118 ыкчам байланыш кызматы кайрадан чалууларды кабыл ала баштады. Алардын максаты — симптомдордун негизинде калкка өз убагында медициналык кеп-кеңештерди берүү менен COVID-19га байланыштуу ооруканага жаткыруу учурларын кыскартуу. Бирок колл-борбордогулар азырынча кайрылуулар аз эле экенин, бир күндө 1 же 2 жолу гана чалуулар түшүп жатканын айтат.
Ошондой эле аймактардын бардыгында байланыш борборлору иштеп жатат. Вирустун сипмтомдорун байкагандар, же алдын алуу жолдорун сурап, андан сырткары психологиялык кеңеш алууну каалагандар да 118 ыкчам кызматына байланышып, маалымат алышса болот.
Коронавирустун аймактарда көп болуп жатканынын бир себеби катары той-аштардын көп болуп жатканы да айтылууда.
Ош облусунун жетекчилиги ресторандар 3 миң сом төлөп коюп эле талапка баш ийбей жатканын айтып чыккан. Ошондуктан той өткөргөн ресторан ээлерине салынган айып пулду 80 миң сомго көтөрүү сунушталды.