Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлады

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 879 | 1

Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн түзүмүн, курамын жана программасын бекитти. Добуш берүүгө катышкан депутаттардын баары бир добуштан колдошту.

Эми бул чечим боюнча чыгарылган «Өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын бекитүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтому президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн жаңы курамы (тизме)

Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын парламенттеги көпчүлүк коалиция да карап, колдоп берген. Депутаттардын жыйыны мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өттү.

Бүгүнкү жыйынга 83 депутат катышып, сегиз эл өкүлү ишеним кат жазып берген.

10-октябрь күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, анда Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлаган. Андан кийин «Өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын бекитүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтому президентке жөнөтүлгөн. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков 13-октябрь күнү токтомду кайра артка кайтарган.

Copyright © 2017 Maral FM