Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын тышкы соода көлөмү 22 пайызга төмөндөдү

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 223 | 0

Кыргызстандын тышкы соода көлөмү 2020-жылдын январь-сентябрь айларында 3,5 млрд доллардан ашты. Бул 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 22 пайызга төмөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ошол эле учурда экспорттун көлөмү 3,5 пайызга көбөйдү, ал эми импорт 31,6 пайызга кыскарды.

Быйыл 9 айда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодасынын көлөмү 1,5 млрд долларды түздү. Бул 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 19,4 пайызга аз.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен экспорттук жөнөтүүлөр — 22 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр — 18,6 пайызга төмөндөдү.

Кыргызстандын биримдик менен соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга туура келет, ал 65,7 пайызды түзөт. Ошондой эле Казакстан менен соода алаканын көлөмү 32,3 пайызды түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM