Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 346 кылмыш менен жорук катталды

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 330 | 0

Ички иштер министрлиги өлкө аймагында абал туруктуу экенин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатканын кабарлады.

Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

13-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 346 кылмыш менен жорук катталган. Анын ичинен 196 кылмыш, 150 жорук болуп эсептелет.

Мындан тышкары, 10 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошуун тартылып, коомдук тартипти сактоону камсыздоо жана жарандарды коргоо үчүн укук коргоо органдарына жардам берүүдө.

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында киргизилген Өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM