Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 50 миңден ашты

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 309 | 0

Кыргызстанда 14-октябрга карата коронавирустун 330 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Ош, Жалал-Абад облустары жана Бишкек шаарында көп катталды.

  • Бишкек — 68;
  • Ош — 36;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу — 74;
  • Талас облусу — 9;
  • Ысык-Көл облусу – 18;
  • Жалал-Абад облусу – 70;
  • Баткен облусу — 43.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 50 миң 201 адамга жетти. Айыгып чыккандардын саны 44 миң 884 адамга жетти. Илдеттен 1 миң 94 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM