Марал Радиосу

Садыр Жапаров жаңы кадрларды дайындады (тизме)

Садыр Жапаров мамлекеттик кызматка жаңы кадрларды тарта баштаганын жарыялады. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында, премьер-министр Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду.

Буйрукка ылайык:

-Бактыбек Аманбаев (1969-жылы туулган) — Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

— Уланбек Ниязбеков (1975-жылы туулган) — Ички иштер министринин милдетин аткаруучу;


Элнура Мамбетжунушева Бажы кызматынын башчысы болду


— Сагынбек Абдылдаев (1969-жылы туулган) — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы;

— Аскат Эгембердиев (1968-жылы туулган) — Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси;


Жапаров Нуржигит Кадырбековду маданият министри кылып дайындады


— Сабыркул Ашимбаев (1968-жылы туулган) — Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Айбек Бузурманкулов (1983-жылы туулган) — Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.


Дастан Дюшекеев премьер-министрдин маалымат катчысы болду


Президент депутаттарга Садыр Жапаровдун маселесин кароону сунуштады