Биз менен байланышыңыз

Быйыл 9 айда өлкө экономикасы 6 пайызга төмөндөдү

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 246 | 0

Ушул жылдын 9 айында республиканын экономикасы 6 пайызга төмөндөдү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, ички дүң өндүрүм 2020-жылдын январь-сентябрь айларында, алдын ала баалоо боюнча, 400 миллиард сомдон ашты.

Бул 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 6 пайызга төмөн.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, быйыл 9 айда ИДӨнүн көлөмү 350 миллиард сомду түзүп, 7,1 пайызга азайды.

Өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-сентябрында 238 миллиард сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 пайызга төмөн.

Курулуш тармагында төмөндөөлөр — 7,7 пайызды түздү. Дүң жана чекене соода тармагы — 16,2 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалып, өндүрүүнүн көлөмү 2,1 пайызга өстү.

Быйыл 9 ай ичинде (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2,9 пайызга өстү. Алсак, тамак-ашка жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалар — 5,3 пайызга, алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары — 5,6 пайызга, кызмат көрсөтүүгө болгон баалар – 0,2 пайызга өскөнү байкалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM