Биз менен байланышыңыз

Президент парламенттин Жапаров боюнча токтомун артка кайтарат

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 4632 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-октябрда Садыр Жапаров менен жолугушту. Анда өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды.

Мамлекет башчы «Өкмөттүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтому боюнча өз позициясын билдирди. Ал парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын айтты. 

«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Мамлекет башчы аталган маселени өлкөнүн аракеттеги мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен кароосу үчүн парламентке кайрылары кабарланды. 

Бүгүн өлкө башчынын расмий сайты «Өкмөттүн программасын бекитүү жана курамын аныктоо тууралуу» Жогорку Кеңештин токтому президенттин аппаратына келип түшкөнүн билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон вице-спикер Мирлан Бакиров «Өкмөттүн жаңы курамы жана программасы боюнча» токтомго кол койгон.

10-октябрда мамлекеттик резиденцияда депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду шайлашкан.

1 пикир

1 пикир

  1. Кыргыз кызы

    14.10.2020 12:20

    Садырга бийликти алдырып коюудан коркуп атасызбы? Садыр Жапаровду эл колдойт! Ушуга ынанышыңыщдан башка арга жок. Элдин кыжырына тийбей убакыттын барында кол коюп, тынч кетип калыңызчы!?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM