Биз менен байланышыңыз

Марат Аманкулов: Президент кызматтан кетпеши керек

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 513 | 0

Президент Сооронбай  Жээнбеков кызматтан кетпеши керек. Ал муну өзү каалабаса да, өлкөдөгү туруктуулук үчүн мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ушул тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында парламенттин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушту. Анда Бишкекке өзгөчө абал киргизүү маселеси, ошондой эле өлкөдөгү саясий абал талкууланары айтылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM