Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетпеши керек. Ал муну өзү каалабаса да, өлкөдөгү туруктуулук үчүн мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ушул тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында парламенттин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушту. Анда Бишкекке өзгөчө абал киргизүү маселеси, ошондой эле өлкөдөгү саясий абал талкууланары айтылган.