Биз менен байланышыңыз

Президент Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 705 | 0

Бүгүн, 13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Жолугушууда Айдарбеков өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн позициясы жөнүндө маалымат берди.

Ал БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело, ошондой эле элчи, Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен болгон жолугушуулары жөнүндө айтты. Айдарбеков бул жолугушууларда Кыргызстан Конституциянын талаптарын сактоо менен укуктук талаага тез арада кайтып келүү маанилүү экендигин билдирген.

Тараптар Кыргызстанда кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого техникалык жактан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.

Министрдин айтымында, эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн жасаган аракеттерин колдошот.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндө түзүлгөн татаал саясий кырдаалда бүткүл эл аралык коомчулукту ишенимдүү маалымат менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM