Connect with us

COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, 343 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 469 | 0

Кыргызстанда 13-октябрга карата дагы эки жаран коронавирустан каза тапты. Өлүмдүн жаңы учурлары Бишкек шаары менен Ош облусунда катталды. Пандемия башталгандан бери 1 миң 92 адам вирустан каза болду.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинин 343 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, эң көп учур Баткен облусу, Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусунда катталды.

— Бишкек — 81;
— Ош — 18;
— Чүй облусу – 21;
— Ош облусу — 46;
— Ысык-Көл облусу – 17;
— Жалал-Абад облусу – 77;
— Баткен облусу — 83.

Өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 49 миң 871ге жетти.

Учурда ооруканаларда 1776 бейтап бар, үй шартында 1833 киши дарыланып жатат.

13-октябрга карата COVID-19 илдетинен 190 бейтап айыкты. Алар:

  • Бишкек – 25;
  • Ош шаары – 7;
  • Чүй облусу – 9;
  • Ош облусу – 46
  • Нарын облусу – 4;
  • Талас облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 43;
  • Баткен облусу – 42.

Кыргызстанда коронавирус каттала баштагандан бери 44 миң 712 адам бул илдеттен айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM