Биз менен байланышыңыз

КМШ: Президенттердин жолугушуусу белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 301 | 0

16-октябрга белгиленген КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин видео-конференциясы болбойт. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин 12-октябрда Шериктештиктин Аткаруу комитетинен кабарлашты.

«Жолугушуунун күнү жылдырылды», — деди Песков.

Жолугушуунун жаңы күнү жөнүндө азырынча маалымат  аныктала элек.

КМШнын Аткаруу комитетинин маалыматы боюнча, жыйындын жылдырылышына дүйнөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле талкууга коюлган маселелерди иштеп чыгуудагы кемчиликтер себеп болду.

Алгач, КМШнын саммитин Ташкентте өткөрүү мерчемделген, себеби ушул жылдан тарта Өзбекстан КМШга төрагалык кылат.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекет башчыларынын кеңеши Шериктештиктин жогорку органы болуп саналат. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин жалпы кызыкчылыктарына байланыштуу бардык фундаменталдуу маселелери талкууланат жана чечилет. Ошондой эле КМШнын башка мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарына зыян келтирбестен, кызыкдар мамлекеттердин алкагындагы бардык маселелер каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM