Биз менен байланышыңыз

Курсан Асанов эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 310 | 0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов эки айга камакка алынды. Ал 10-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Биринчи май райондук сотунун маалыматы боюнча, Курсан Асанов 9-октябрда Бишкекте болуп өткөн башаламандыкты иликтөөнүн алкагында козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

Курсан Асанов 6-октябрдан тартып Бишкек шаарынын коменданты жана Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу болгон. Кийин министрлик аны менен иштешүүдөн баш тарткан.

10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Учурда «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатат жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды издөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM