Биз менен байланышыңыз

ДССУ коронавируска каршы массалык иммунитет идеясын сынга алды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 347 | 0

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) коронавируска каршы жалпы иммунитет идеясын сынга алды. Бул тууралуу уюмдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.

«Жалпы иммунитет — бул: калкты вирустан коргой турган алдын ала эмдөө учурунда колдонулган түшүнүк. Мисалы, кызамыкка каршы жалпы иммунитетти калыптандыруу үчүн калктын 95 пайызы алдын ала эмдөөдөн өтүшү керек. Калган 5 пайызы эмделген адамдардын арасында кызамыктын жайылышынан корголот», — деди ал.

Анын айтымында, жалпы иммунитет инфекция аркылуу эмес, эмдөө аркылуу пайда болот. Ошондуктан мындай стратегия илимий жактан да, этикалык жактан да туура эмес.

Буга чейин ДССУнун эксперти Мария ван Керхов коронавируска чалдыккандардын 80 пайызга жакыны вирус жуктуруп алгандардын 10-20 пайызынын кесепетинен болорун айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM