Биз менен байланышыңыз

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу башталды

Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 379 | 0

12-октябрдан тарта биометрикалык маалыматтарды чогултуу кайра башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Биометрикалык маалыматтар Калкты тейлөө борборлорунда, жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорт берүү жана элди каттоо бөлүмдөрүндө чогултулат.

«Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоого байланыштуу тизме түзүү үчүн 20-сентябрда биометрикалык маалыматтарды чогултуу токтотулган. Биометрикалык маалыматтарды тапшырууда жарандардын жанында ID-карт же жалпы жарандык паспорт болуусу керек», — деп билдирет Каттоо кызматы.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары 16 жашка толгондон кийин биометрикалык маалымат тапшырышы керек.

Каттоо кызматы жарандарды санитардык эрежелерди сактоого жана беткап кийип жүрүүгө чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM