Биз менен байланышыңыз

Жыйынга катышкан жана тил кат берген депутаттардын тизмеси

Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 2979 | 0

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу 10-октябрдагы кезексиз жыйынга келген жана тил кат берген депутаттардын тизмесин жарыялады.

Анын айтымында, бул тизмени Аппараттын кызматкерлери каттаган.

10-октябрда депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлашкан.

Андан кийин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева  10-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн парламенттин кезексиз жыйынына депутаттар жетиштүү санда чогулбаганын айтып чыкты. Сессияга Конституцияга ылайык жетиштүү санда депутат чогулбаса, кабыл алынган бардык чечимдер юридикалык жактан мыйзамсыз жана легитимсиз болорун Касымалиева билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM