Биз менен байланышыңыз

Дамир Сагынбаев менен Өмүрбек Суваналиев кызматынан алынды

Кыска кабар | 10 Окт 2020 | 2207 | 0

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана анын орун басары Өмүрбек Суваналиев кызматынан алынды. Тиешелүү буйруктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ошондой эле президенттин дагы бир буйругуна ылайык, бошогон Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары кызматына Жаныбек Капаров дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM