Биз менен байланышыңыз

Курсан Асанов ИИМдин имаратынан чыгып кеткени кабарланды

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 741 | 0
Курсан Асанов 7-октябрда маалымат жыйыны учурунда

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын комменданты болуп иштеп жаткан Курсан Асанов ИИМден чыгып кетти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы ырастады.

9-октябрда Ички иштер органдарынын ардагерлери жана Ички иштер министрлигинин өздүк курамы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. Анда күч түзүмдөрү саясаттан тышкары болуп, мыйзамдарга ылайык коомдук коопсуздукту камсыздашы керектиги айтылган.

«Биз саясаттан тышкарыбыз жана кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын колдобойбуз. Криминогендик кырдаалды начарлатууга жол бербей, республикада ар кандай саясий күчтөрдүн таасир этүү аракетине, туруксуздаштыруу жана мамлекеттик бийлик органдарын алсыздантуу аракеттерине катуу бөгөт коюшубуз керек. ИИМдин өздүк курамы жана ардагерлери биригип, өлкөдө туруктуулукту орнотууну көздөшүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Курсан Асанов журналисттер менен жолугушууда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кайда экени белгисиз экенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM