Биз менен байланышыңыз

Асрандиев: Пенсия, жөлөк пул, айлык акылар толук берилиши керек

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 445 | 0

Өлкөдөгү оор абалга карабастан, пенсия, жөлөк пулдар, бюджеттик тармактагы кызматкерлер үчүн айлык акылар толук көлөмдө төлөнүп берилиши керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Өкмөт аппаратынын жетекчилери 2020-жылга бюджеттин аткарылышын талкуулады.

Асрандиевдин айтымында, ыкчам каржылоо зарылчылыгы жок чыгымдар убактылуу токтотулат. Бирок бюджеттик тармактагы кызматкерлердин айлык акылары, социалдык төлөмдөр, пандемияга каршы күрөшүүгө, күз-кыш мезгилине даярдыкка тийиштүү милдеттенмелер аткарылат.

«Бизде акыркы окуяларга байланыштуу айрым пункттар боюнча кечиктирүүлөр бар, бирок социалдык төлөмдөргө каражат жетиштүү», — деди Асрандиев.

Жыйында айтылгандай, бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда жаңы инструменттерди караштыруу керек. Бул процессте Бажы жана Салык кызматы негизги ролду ойнойт. Бул максаттарга жетүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири — фискалдаштыруу тутумун киргизүү.

«Бул мамлекеттик органдардын ишине жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга гана эмес, ишкерлердин ишин жеңилдетүүгө да жардам берет. Бажы кызматы жөнүндө айта турган болсок, бул жерде башка өлкөлөрдө жакшы натыйжаларды көрсөткөн программаларды киргизүү маанилүү», — деди вице-премьер-министр.

Өкмөт мүчөлөрү ошондой эле инвестициялык программаларды сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу тийиштүү объектилерге көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM