Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Төрт адам каза болуп, 275 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 364 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы 4 адам көз жумду. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, Ош облусунда бир, Баткен облусунда эки, Жалал-Абад облусунда бир адам каза болду.

9-октябрга карата коронавирустун 275 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 40;
  • Ош шаарында — 25;
  • Чүй облусунда — 28;
  • Ош облусунда — 49;
  • Талас облусунда — 2;
  • Ысык-Көл облусунда — 10;
  • Жалал-Абад облусунда — 47;
  • Баткен облусунда — 74 учур катталды.

Өлкөдө коронавирус инфекциясы жалпы 48 миң 617 кишиге жукту. Анын ичинен 44 миң 97 киши айыгып, 1 миң 77 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM