Биз менен байланышыңыз

Тилек Матраимовду Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 627 | 0

Бүгүн, 9-октябрда өзбек чек арачылары Өзбекстандын аймагында кармалган Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана аны менен кошо кармалган эки жаранды кыргыз тарапка өткөрүп беришти. Алар учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев, Махсуд Расулов аттуу жарандар 6-октябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылганда өзбек чек арачылары тарабынан кармалган.

УКМК мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM