Биз менен байланышыңыз

12-октябрдан тарта пенсия бериле баштайт

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 530 | 0

Социалдык фонд жана мекеменин аймактык башкармалыктары штаттык режимде иштеп жатат. 2020-жылдын октябрь айынын пенсиясы үзгүлтүксүз өз убагында берилет. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда өкмөттүн токтомдоруна ылайык, пенсиянын өлчөмдөрүн индексациялоо жолу менен кайра эсептөө иштери аяктады. Жаңы өлчөмдөгү октябрь айынын пенсиясы 12-октябрдан тартып бериле баштайт.

Пенсия жана жөлөк пул үчүн 2020-жылдын январь-сентябрь айларына 35 млрд 380 млн 200 миң сом каралган.

-Бишкек шаарына — 5 млрд 781,6 млн сом;

-Чүй облусуна — 5 млрд 456,1 млн сом;

-Нарын облусуна — 2 млрд 845,1 млн сом;

-Ысык-Көл облусуна — 3 млрд 209,9 млн сом;

-Талас облусуна — 1 млрд 462,0 млн сом;

-Ош шаарына — 1 млрд 272,5 млн сом;

-Ош облусуна — 6 млрд 507,1 млн сом;

-Баткен облусуна — 2 млрд 828,6 млн сом;

-Жалал-Абад облусуна — 6 млрд 17,3 млн сом;

Пенсия жана жөлөк пул үчүн сентябрь айына 3 млрд 881,8 млн сом бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM