Биз менен байланышыңыз

Флойддун өлүмүнө айыпталгандар бошотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 279 | 0

Миннеаполистин мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовин 1 миллион доллар айып төлөө шарты менен абактан бошотулду. Бул тууралуу «ВВС» маалымат кызматы билдирет.

Дерек Шовин афроамерикалык Джордж Флойдду өлтүрүүгө айыпталууда. Флойд 2020-жылы май айында камакка алынгандан көп өтпөй көз жумган. Шовин Флойддун мойнун кайрып, тизеси менен жети жарым мүнөт ныгырып туруп алган. Флойд: «Муунуп баратам!» — дегенде гана артка чегинген.

Флойдду камакка алууга катышкан Шовиндин үч кесиптеши «киши өлтүрүүгө катышкан» деп айыпталып, алар да күрөө менен бошотулду.

Алардын соту кийинки жылдын март айында башталат, ага чейин айыпталуучулар эркиндикте болушат.

Күрөөнүн шартына ылайык, Шовинге Флойддун үй-бүлөсү менен байланышууга, укук коргоо жана коопсуздук кызматтарында иштөөгө тыюу салынат. Ошондой эле ал куралын тапшырышы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM