Биз менен байланышыңыз

АКШ Иранга жаңы санкцияларды киргизгени жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 256 | 0

«Америка Кошмо Штаттары Ирандын каржы тармагына жаңы санкцияларды киргизгени жатат», — деп жазды «Washington Post» гезити кырдаал менен тааныш үч булакка шилтеме берип.

Маалыматка ылайык, Ирандын каржы тармагына каршы жаңы санкцияларды киргизүү боюнча АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын чечими буга чейин АКШнын кошумча санкцияларына туш болбогон бир нече банктарга таасир этет. Чектөө чараларынын жаңы планы бүгүн, бейшемби күнү жарыяланышы мүмкүн.

Буга чейин АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео АКШ Ирандын Коргоо министрлигине каршы санкцияларды киргизип жатканын билдирген.

Жарлыкка кол коюлду, ага ылайык АКШ Иранга каршы бир тараптуу санкцияларды киргизип, курал-жаракка чектөөсүн (эмбарго) калыбына келтирет.

Буга чейин АКШ курал-жаракка чектөөсүн узартуу боюнча резолюцияны сунуш кылган, бирок БУУнун Коопсуздук Кеңеши аны колдогон эмес. Иранга аскердик жабдууларды жеткирүүнүн уруксат берилген процедурасы 18-октябрда аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM