Биз менен байланышыңыз

Асад Путин менен жолугушууну пландап жаткандыгын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 275 | 0

Сириянын президенти Башар Асад «РИА Новостиге» берген маегинде келечекте Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушууну пландап жаткандыгын, азыр болсо телефон аркылуу тынымсыз байланышып турарын билдирди.

«Кандайдыр бир нерсе болгондо же сүйлөшүүгө муктаждык жаралганда, биз дайыма байланышып турабыз, негизинен телефон аркылуу. Албетте, биз мындан ары да баарлашууну улантабыз. Келечекте дагы жолугушабыз, бирок бул Сириядагы саясий кырдаалдан көз каранды», — деди Асад.

Анын айтымында, бүткүл дүйнөгө жайылган коронавирус пандемиясынан улам маектешүү азырынча телефон аркылуу жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM