Биз менен байланышыңыз

Бейтаптардын 10-20 пайызы гана коронавирусту өзгөлөргө жуктурат

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 273 | 0

COVID-19 менен жабыркаган бейтаптардын 10-20 %ы гана вирусту өзгөлөргө жуктурат. Бул тууралуу ДССУнун эксперти Мария ван Керхове Twitter аркылуу суроо-жооп учурунда билдирди.

«Бардык эле бейтаптар илдетти башкаларга жуктурбайт. Бул коронавирустун жайылышы «очоктор» менен жүрөт дегенди билдирет», — деди эксперт.

Керхове мындан тышкары көп адам жашаган жабык жайларда, анын ичинде ден соолугу начар адамдар узак убакытка чейин турган үйлөрдө, түнкү клуб жана түрмөлөрдө инфекция бат жугуп, тез жайылышы мүмкүн экенин эскертти.

Ал эми Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан калктын көпчүлүк бөлүгү дале коронавирус инфекциясына жакын экенин, тилекке каршы коронавирус инфекциясынан айыккандардын иммунитети канча убакытка туруштук берери тууралуу так маалымат жоктугун маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM