Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр менен байланышканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Шайлоодон кийиинки болгон окуялар мени да тынчсыздандырууда. Биз бул конфликт тынчтык жолу менен чечилет деп үмүт кылабыз. Расмий Москва Кыргызстандагы ички саясий абал тез арада эч кандай жоготууларсыз өзүнө келет деп эсептейт», — деп билдирген Владимир Путин.
Ал ошондой эле Кыргызстандагы шайлоонун ачык өткөнүн эл аралык байкоочулар да тааныганын да кошумчалап, шайлоонун жыйынтыгы 5-октябрдагы башаламандыктан соң жокко чыгарылганын айтып өткөн.