Биз менен байланышыңыз

«Nokia» «акылдуу» телевизорду сунуштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 294 | 0

«Nokia» арзан телевизорлорду чыгарууда. Бул тууралуу «Nokiapoweruser» жазды.

Маалыматка ылайык, компания Индияда экрандын диагоналы 32 жана 50 дюйм болгон «Nokia Smart» телевизорлорунун бет ачарын өткөрөт. «Full HD» экраны бар биринчи модель 300 долларды  түзөт.

Экинчи моделдин диагоналы 50 дюймду түзүп, «DTS TruSurround» жана «Dolby Audio» технологиялары менен иштейт. Ал «Android» иштетүү тутумуна жана «Google Assistant’ке» ээ болот. Телевизордун баасы 504 $ түзөт.

Эки телевизор тең «Onkyo» аудио тутуму менен жабдылган.

Журналисттер белгилегендей, компания 2019-жылдын декабрь айында телевизорлорун ийгиликтүү ишке киргизгенден кийин бул багытка кызыга баштаган. Ал учурда, «Nokia» компаниясы 55 дюймдук 4K сыналгысын чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM