Биз менен байланышыңыз

Армения Карабахтагы кырдаал боюнча компромисске барууга даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 248 | 0

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван Тоолуу Карабахтагы кырдаал боюнча компромисске барууга даяр экендигин билдирди.

«Армения Тоолуу Карабахтын айланасындагы чыр-чатактын тарабына өтө алат, бирок Азербайжан ага даяр болсо гана», —  деди ал.

Дүйшөмбүдө Орусиянын президенти Владимир Путин Никол Пашинян менен телефон аркылуу согуштук аракеттерди токтотуу керектиги жөнүндө сүйлөштү.

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Тоолуу Карабахтагы кырдаалды талкуулоо үчүн Бакуга келгени маалымдалган.

Тоолуу Карабахта кагылышуу 27-сентябрда башталган. Баку Армениянын аскерлери Азербайжандын позицияларын аткылап, каршы чабуул жарыялаганын билдирди. Ереван Азербайжан Тоолуу Карабахка кол салганын билдирди. Кагылышуулар уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM