Connect with us

Оппозициялык блок кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылат

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 607 | 0

4-октябрда парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке өтпөй калган оппозициялык маанидеги партиялар биригишкен. Алар кайра парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылат.

Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Жанар Акаев митинг учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Акаевдин маалыматында, «Ата Мекен», «Республика», «Бир бол», «Замандаш» партиялары бирикти. Аларга дагы эки партия кошулат.

«Биз артка кайтпайбыз, эртең да чыгабыз. Эгер биздин оппозициялык блогдун ичинен кайсы бир партияга 1 пайыз добуш берип өткөрүп коюшса, баарыбыз баш тартабыз. Биз эң негизгиси кайра шайлоо өткөрүү, азыркы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатабыз», — деди Акаев.

Бишкекти эки жерде Опера жана балет театрынын алдында жана «Ала- Тоо» аятында митинг өткөрүп жаткан партиялар биригишти. Алар «Ата Мекен», «Республика», «Замандаш», «Бир Бол», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа» партияларынын өкүлдөрү нааразылык билдирип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришүүдө.

Катышуучулар «кетсин», «шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын» деген сөздөрдү айтып жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-октябрь саат 11:00гө карата шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, 98% шайлоо тилкесинин маалыматтары эсептелди.

Шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 554 жаран кирген, алдын ала маалымат боюнча шайлоого 1 млн 990 миң 700 жаран катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM